Кытайда өтүүчү Азия оюндарында Айсулу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт.
Ал эркин күрөш боюнча турнирге 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Алгач кыргызстандык балбан Таиланддын өкүлүн 14 секундда жеңсе, чейрек финалда Дүйнөнүн чемпиону япониялык Нонока Озаки менен кез келди. Бул беттеште Озаки жеңишке жетти.
Озаки жарым финалда казакстандык спортчуну жеңип, финалга чыкса, Тыныбекова коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алды.