Дзюдо боюнча улуттук курама команданыны мүчөсү Эрлан Шеров Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алтын медалын жеңди.
Спортчу 90 килограмм склмак даражасында беттешти. Эрлан Шеров алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип финалга жолдомо алган.
Финалдык беттеште Шеров 2021-жылкы Олимпиаданын коло байгесинин ээси, 2022-жылдагы дүйнө чемпиону Давлат Бобонов менен кез келди. Кыргызстандык спортчу жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Бул медаль Кыргызстан үчүн Кытайдагы Азия оюндарында биринчи болду.