Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда жеңилип калды. Ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган.
Алгач кыргызстандык балбан Таиланддын өкүлүн 14 секундда жеңсе, чейрек финалда Дүйнөнүн чемпиону япониялык Нонока Озаки менен кез келди. Бул беттеште Озаки жеңишке жетти. Япон спортчусу финалга чыкса, анда Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.