Кечээ, 30-октябрь күнү «Манас-2» аба майданында Пара Азия оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу аземи өттү.
Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жана спортчулардын жакындары катышышты.
Пара Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди. Парадзюдо боюнча 48 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, пара жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медалга, Гүлназ Жүзбаева коло медалга ээ болду. Пара Азия оюндары 20-30-октябрь күндөрү өттү. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышты.
1 / 5
-+
Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов IV Азиянын пара оюндарына катышып жеңиш менен кайтып келген кыргызстандык спортчуларды куттуктады. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды. Биринчи орунга 1 миллион 250 миң сом, экинчи орунга 750 миң сом, үчүнчү орунга 500 миң сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары каралган.
4-7-март күндөрү АКШнын Иллинойс штатынын Вестмонт шаарында сүзүү боюнча эл аралык деңгээлдеги профессионалдык мелдеш TYR Pro Swim Series 2026 өттү....
Бириккен күрөш дүйнөсү социалдык тармактагы баракчасына кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Тирана шаарында (Албания) өткөн спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 эл...
25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 атындагы экинчи рейтингдик турнири болуп өттү. Бул тууралуу...
1-март күнү Тирана шаарында (Албания) спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турнири жыйынтыкталды. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан...
Тирана шаарында (Албания) өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик MUHAMET MALO-2026 турниринде грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын балбаны Үзүр Жусупбеков...