Айпери Медет кызы Кытайда өткөн Азия оюндарында жеңүүчү аталды. Ал 6-октябрда эркин күрөш боюнча мелдешке 76 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Кыргызстандык кыз 1/8 финалда Кытайдын өкүлүн жеңип, андан соң вьетнамдыкты мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Жарым финалдык беттеште Айпери Медет кызы Кытай спортчусун мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты. Анын финалдагы атаандашы казакстандык Жамиля Бакбергенова болду. Күрөштө 7:4 эсебинде Айпери Медет кызы жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.