Дарбазачы Валерий Кашуба карьерасын жыйынтыктады (сүрөт)

Дарбазачы Валерий Кашуба карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Дарбазачы Улуттук курамада 24 беттеш өткөргөн. Дебюту – 2004-жылдын 10-ноябрында Кувейт менен болгон беттеште 62-мүнөттө Жалиловдун ордуна чыккан. Эми Валерий Кашуба толугу менен «Дордой» футболдук клубундагы дарбазачыларга машыктыруучулук кылат.

“Дордойдун” курамында Валерий Кашуба:

Кыргыз Республикасынын алты жолку чемпиону;

Кыргызстандын Кубогунун төрт жолку жеңүүчүсү;

Кыргызстандын Суперкубогунун үч жолку жеңүүчүсү;

АФК президентинин кубогунун ээси;

Үч жолу Кыргызстандын эң мыкты дарбазачысы;

АФК президентинин Кубогу-2007’нин мыкты оюнчусу.