Дүйнө чемпиондугу. Жоламан Шаршенбековдун финалдагы атаандашы аныкталды

Жоламан Шаршенбеков бүгүн, 13-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөшөт. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

12-сентябрда кыргызстандык Венгрия, АКШ, Казакстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште анын атаандашы 20 жаштагы Европа чемпиону (2020) болгариялык Эдмонд Армен Назарян болмокчу. Шаршенбеков менен Назарян февраль айында Болгарияда өткөн турнирде беттешкен. Финалдык беттештер саат 22:00дө башталат.