Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катыша турган Кыргызстандын курама командасы тууралуу маалымат берди.
6-апрелде баштала турган Азия жана Океания чемпионаты Бишкек шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:
- Кубанычбек Айбек уулу, 60 килограмм;
- Отар Бестаев, 60 килограмм;
- Артур Те, 66 килограмм;
- Байбол Саламат уулу, 66 килограмм;
- Бексултан Султанов, 73 килограмм;
- Владимир Золоев, 81 килограмм;
- Эрлан Шеров, 90 килограмм;
- Юрий Краковецкий, 100 килограммдан жогору;
- Бекболот Токтогонов, 100 килограммдан жогору.
Кыз-келиндердин курамасы:
- Айсулуу Мусакунова, 48 килограмм;
- Жанар Жолдошева, 48 килограмм;
- Сауле Алмазова, 52 килограмм;
- Адина Көчкөнбаева, 57 килограмм;
- Ксения Бельдягина, 57 килограмм;
- Ажар Исаева, 63 килограмм;
- Айжан Кадырбекова, 63 килограмм;
- Нагира Сарбашова, 78 килограммдан жогору.
Чемпионатта жалпы 15 комплект медаль ойнотулат жана беттештер көрүүчүлөрсүз өтөт.