Фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасы Татарстанда өтө турчу Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 19-23-март күндөрү Татарстандын Казань шаарында өтөт. Анда өлкөнүн намысын төмөнкү спортчулар коргошот:
1. Даанышман Жумабай уулу;
2. Нурлан Кулуев;
3. Жоодат Есеналиев;
4. Илим Бакытбек уулу;
5. Камиля Абдыл-Хамитова;
Аталган мелдешке спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.