Ислам шериктештиги оюндарында Тынар Шаршенбеков күмүш медаль жеңди

Кыргызстандык спортчу Тынар Шаршенбеков Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында күмүш медаль тагынды. Ал 12-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Кыргызстандык беттешти 1/4 финалдан баштап, катары менен эки жеңишке жетип, финалга чыкты. Чечүүчү кармашта Шаршенбеков 34 жаштагы ирандык спортчу менен беттешип, ага жеңилип, күмүш байгеге ээ болду.