Жеки Чан Олимпиада отун Улуу Кытай сепилине көтөрүп чыкты (сүрөт)

Голливуд жылдызы Жеки Чан 2022-жылы Пекинде өтүүчү Олимпиада отунун эстафетасына катышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. .

Жеки Чан эстафетанын экинчи күнүндө ардактуу коноктордун катарында Улуу Кытай дубалынын үстүнө Олимпиада отун көтөрүп келди. Эстафета учурунда аны бардык кытайлык Олимпиада медалчылары тосуп алышты. «Мен таңкы саат 4тө ойгондум. Бул менин 4-Олимпиадам. Мен абдан бактылуумун. Мен да үшүп кеттим!» – деди актёр дубалды бойлой чуркап бара жатып. 

Кийинчерээк факел олимпиадалык мелдештердин көбү өтө турган коңшулаш Хэбэй провинциясындагы Чжанцзякоу шаарына жеткирилет. Эстафета ачылыш аземде Олимпиада отунун жагылышы менен аяктайт. Олимпиада 4-20-февралда, Паралимпиада 4-13-мартта өтөт.