Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн грек күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Ал жеңишинен кийин Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгып, адаттагы сальтосун жасады.
Ал 1/16 финалдан баштап 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Балбан биринчи беттешинде Литванын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңсе, кийинки айлампада Грузиядан келген балбанды жеңип алды. Финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандык Өзбекстандын өкүлү менен беттешип, аны 10:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалдык беттеште балбанирандык спортчуну катуу кармашта 4:3 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Чечүүчү беттеште кыргызстандык япониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, Дүйнө чемпиону болду.
Былтыр Сербияда да Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынган. Ал Олимпиадага да жолдомо алды.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-июнда Бишкек шаарында “Алга” спорт комплексинин ачылыш салтанатына катышты. Иш-чаранын алдында мамлекет башчы жаңы спорт комплексинин...
Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын беттеши өтүп жатат....
Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын беттеши өтүп жатат....
Социалдык тармактарда балбан Айпери Медет кызы менен күрөш боюнча кыздар курама командасынын машыктыручуусу Нурбек Изабековдун күрөшүп жаткан видеосу жарыяланды. Жаш...
Португалиянын футбол боюнча курама командасы УЕФА Улуттар Лигасынын финалдык оюнунда Испания курама командасын жеңип, экинчи ирет бул турнирдин чемпиону болду....