Көк бөрү: «Достук» «Сары-Өзөндү» 9:3 эсебинде утуп алды

Бүгүн, 9-майда «Жеңиш кубогу-2023» республикалык мелдешине арналган улуттук спорттун түрлөрү боюнча таймаштар жыйынтыкталат.

Мелдеш Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында өтүүдө.

Көк бөрү боюнча мелдештин алкагында Жогорку лигада финалдык оюндар болуп өттү. «Сары-Өзөн» менен «Достуктун» улакчылары биринчиликти талашышты. Оюн 9:3 эсебинде «Достуктун» жеңиши менен аяктады.