Көк бөрү федерациясына жаңы президент шайланды. Ал буга чейин вице-президент болуп иштеп жаткан Рамис Жунусалиев.
Бүгүн, 17-октябрда федерациянын конференциясы Бишкекте өтүп, катышуучулар жетекчисин алмаштырышты. Мурдагы президент Талас Бегалиев өткөн жылдын март айында дайындалган болчу. Ал жыйында эки жылдык ишинин отчётун берип, өз каалоосу менен кызматынан кетерин билдирди. Талас Бегалиевди ак боз ат мингизип, сыйлоо жөрөлгөсү менен узатышты.