Кыргызстан улуттук курамасы менен Омандын беттеши эмнеси менен маанилүү? Машыктыруучунун жообу

Бүгүн, 19-июнда Оман-Кыргыз Республикасы беттешинин алдында командалардын башкы машыктыруучуларынын жана оюнчуларынын катышуусунда оюн алдындагы маалымат жыйыны болуп өттү.

«Эртеңки оюн биз үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени Оман курама командасы алдыдагы Азия Кубогунда тайпа боюнча атаандашыбыз болуп саналат. Бул абдан маанилүү беттеш болот, эртең жакшы оюн көрсөтүүгө даярбыз деп ойлойм», — деди Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович.

«Биз жакшы оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз. Баарына белгилүү болгондой, мурунку беттешибиз ийгиликтүү болгон жок, андыктан күйөрмандарыбызды эми жакшы жыйынтык менен кубандыргыбыз келет», — деди курама команданын жарым коргоочусу Алимардон Шукуров.