21-сентябрь күнү борбор калаабыздын «Ынтымак» сейил багында ЮНФПА жана БУУнун Аялдар уюмунун колдоосу менен кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ага өлкөбүздүн ар кандай чөйрөлөрүнүн — эл аралык уюмдардын, Германия жана АКШ элчиликтеринин, мамлекеттик органдардын, бизнес жаатынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Иш-чаранын башкы максаты — айымдар арасында футболду популяризациялоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана футболдун баарына жеткиликтүү экенин көрсөтүү болуп саналат. Тайпалык жана плей-офф баскычтарынан турган мелдеш кызыктуу кармашта жана достук маанайда өтүп, жыйынтыгында «Блогерлер» командасы 3-орунду, АКШ элчилигинин өкүлдөрү 2-орунду, ал эми Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү 1-орунду ээлешти.
Кыз-келиндер арасында мындай масштабдуу мелдеш алгачкы жолу уюштурулду. Аталган мелдеш Кыргыз Республикасынын Айымдар футбол ассоциациясынын жана Кыргыз футбол биримдигинин эгидасы алдында өттү.
Бүгүн, 2-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинде 6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарына...
Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда...
Кечээ, 22-декабрда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын алкагында 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмак категориялары боюнча мелдештер...
Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды. Анда биринчи орунду "Аймактар" командасы ээлеп, 400...
Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча "Мурас" мелдеши башталды. Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң...