Малик Шаваев коло медаль үчүн күрөшүн улантат
Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Малик Шаваев (86 кг чейин) коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
1/32 финалда кыргызстандык балбан Пуэрто-Риконун өкүлү Итан Рамосту 10:4 эсебинде жеңди. Андан кийинки эки беттеште Швейцариянын өкүлү Умар Мавлаевди (5:0) жана ирандык балбан Гасемпур Камран Горбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, экөөнү тең далысын килемге басып, туше ыкмасы менен утту. Тилекке каршы чейрек финалда америкалык балбан Кайл Дейкке жеңилүү ызаасын тартты. Бирок америкалык спортчу финалга чыккандыгана байланыштуу Шаваев көңүл жубатуучу беттештерде күрөшүн улантууга мүмкүнчүлүк алды.
Кыргызстандык балбандын көңүл жубатуучу беттештеги атаандашы бүгүн, 31-октябрда аныкталат. Ал Монголиянын өкүлү Батбилгуун Наадамбат, Литванын балбаны Паулюс Лескаускас же Казакстандын өкүлү Болат Сакаев болушу мүмкүн.