Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешинде жеңишке жетти

WW 68kg - Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Мээрим Жуманазарова Москва шаарында өткөн эл аралык мелдеште күч сынашып, жеңишке жетти.

«Гран-при Москвы — Кубок АЛРОСА» деп аталган мелдештин жүрүшүндө Орусиянын күрөш боюнча курама командасы чет өлкөлүк балбандар менен күрөштү. 68 килограмм салмакка чейинки категорияда Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиева беттешти. Эки бөлүккө созулган беттеште Жуманазарова атаандашын 3:2 эсебинде жеңип алды.

Спортчулар буга чейин Осло шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин жарым финалында кез келишкен. Анда Мээрим жеңишке жетишкен. Бирок Орусиянын күрөш федерациясы ал беттешти тейлеген калыска нааразычылык билдирген болчу. Жалпысынан Жуманазарова менен Велиева үч ирет күч сынашкан жана кыргызстандык балбан бир дагы жолу жеңилген эмес.