Месси ПСЖга рекорддук киреше алып келди

Франциялык «Пари-Сен-Жермен» сезонду рекорддук киреше, 700 миллион евро менен жапмакчы. Буга атактуу футболчу Лионель Мессинин салымы чоң.

Франциялык «L’Equipe» улуттук спорттук гезитине чыккан маалыматка ылайык, Мессинин ПСЖга келиши менен 11 жаңы демөөрчү жана өнөктөш тартылган. Алардан түшкөн жалпы киреше 310 миллион еврону түзмөкчү. Бул сезондо Парижде миллион футболка сатылып, анын 60 пайызы Мессинин фамилиясы менен болгон. Ошондой эле ПСЖнын атрибуттары жарым сезондо сатыктан эле 41 миллион евро алган. Андан сырткары Месси келгенден бери оюн өткөрүүдөгү киреше 93 миллион евродон (2019-2020) 132 миллионго көтөрүлгөн.

Лионель Месси 2021-жылы «Барселона» менен келиши бүткөн соң ПСЖга келген.