Миңдеген көк бөрүчүлөр түшкөн аламан улактын баш байгесин Манас Ниязов илип кетти

22-январда Базар-Коргондо диний аалым Чубак Жалиловдун элесине арналып аламан улак болуп өттү. Жеңишке 10 тай, 5 төө, 5 автоунаа, 1 жасалгалуу боз үй, акчалай сыйлыктар коюлду. Ал эми баш байгеге умрага жолдомо коюлуп, аны улакчы Манас Ниязов алды.

Диний аалым Чубак Жалилов 2020-жылдын 11-июлунда пневмониядан улам каза болгон. Ал тирүү болгондо ушул жылдын 21-январында 47 жашка чыкмак.