Жаандын коштоосунда Парижде жайкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Олимпиаданын тарыхында биринчи жолу стадиондон тышкары өткөнү менен бул жолку азем өзгөчөлөндү.
Ачылыш аземи эки этапта өттү: биринчи этапта спортчулардын Сенаны бойлой кайыктар менен жүрүшү, экинчи этапта Эйфель мунарасынын алдындагы Трокадеродо концерттик программа менен коштолду. Ачылышка 206 өлкөнүн өкүлдөрү жана 10 000 ден ашуун атлеттер катышууда. Алар 33 спорт түрү боюнча күч сынашат. Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 11-августка чейин уланат.
Кыргызстандын туусун дзюдочу Эрлан Шеров жана сууда сүзүүчү Елизавета Печерских көтөрүп чыгышты. Өлкөнүн намысын спорттун 5 түрү боюнча 16 спортчу коргойт.