Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы бокс академиясынын жаңы имараты менен таанышты.
Спорттук объектиге үч бокс залы, административдик имарат, 300 орундуу заманбап спорт зал, ошондой эле 27 орундуу жатакана кирет. Академия спортчуларды даярдоо жана ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат. Курулуш Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буюртмасы менен ишке ашырылды. Каржылоо толугу менен республикалык бюджеттен жүргүзүлдү, долбоордун жалпы наркы — 192 миллион сом.
Мамлекет башчысы спорт залдарды көрүп чыгып, жаш боксерлор, машыктыруучулар менен баарлашты, ысым жазылган бокс кол каптарына кол тамгасын коюп, чогуу сүрөткө түштү. Иш-чарага белгилүү кесипкөй боксер, оор салмактагы дүйнө чемпиону, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Валуев да катышып, жаш спортчулар үчүн мастер-класс өткөрдү.
Кечээ, 15-апрелде Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Жыйында ал кызматта турган...
Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырып жаткандыгын расмий түрдө маалымдады. Жалпы...
Бүгүн, 15-апрелде борбор калаадагы «Технопарк» борборунда Кыргыз футбол биримдигинин 2026-жылкы Кезектеги Конгресси орун алды. Конгресстин күн тартибине ылайык негизги маселелер...
12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин Жаштык Арена спорттук комплексинде өттү. Бул тууралуу...