«Сарсанаа болбоңуздар. Ден соолугум мыкты». Манас Ниязов оюнда жаракат алгандан кийин үн катты

«Сарсанаа болбоңуздар. Ден соолугум мыкты. Буюрса, оюндар алдыда. 9-майда жолугушабыз». Бул тууралуу улакчы Манас Ниязов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Кечээ, 20-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү мелдешинде улакчы Манас Ниязов оюн учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылганы маалым болгон.