Улакчы Манас Ниязов белекке батир алды (видео)

«Ала-Тоо» командасынын көк бөрүчүсү Манас Ниязов белекке батир алды. Ал кубанычтуу жаңылыгы менен соцтармактагы баракчасына бөлүшүп, белек берген адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

«Кайтар мээнет. Бардыгыңыздар күбө болгондой көк бөрүдөгү мээнетимди баалап, бүгүн мага батир белек кылышты. Бул мен үчүн аябагандай күтүүсүз белек болду. Учурдан пайдаланып, мени менен бирге ойногон бардык командалаштарыма терең ыраазычылыгымды айткым келет. Силер жок менин аракетим түккө арзыбайт эле. Ошондой эле «Ала-Тоо» командасынын жетекчилерине алкышымды билдирем. Көк бөрүнү өнүктүрүүнү колдоп келаткан байкелер эсен болуңуздар», — деп жазды ал.