Ысык-Көлдө тоо лыжа спорту боюнча өлкөнүн чемпионаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат 4-6-март күндөрү «Каракол» лыжа базасында өттү.
Ага Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан келген 50дөн ашуун спортчу катышты.
Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Тоо лыжа спорту федерациясы тарабынан уюштурулган.