Air India компаниясы учагы Индиянын батышында кыйраганын тастыктады. Boeing 787-8 бортунда 242 адам менен Лондонго учуп бара жаткан. Жергиликтүү TimesNow порталынын маалыматы боюнча, каза болгондордун саны 110 адамга жетти.
Авиакомпаниянын социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө учак абага көтөрүлгөндөн кийин кулаган. Ал Индиянын Ахмедабад шаарынан Лондондун Гатвик аэропортуна бара жаткан. Учакта Индиянын 169, Британиянын 53, Канаданын бир жана Португалиянын жети жараны болгон. Air India жабырлануучулар жакынкы ооруканаларга жеткирилип жатканын кошумчалады, бирок алардын санын айткан жок.