Abank_nov
SerepTV Logo

Германияда жаштардын нааразылык акциясына 87 миңдей адам чыкты

Германияда жаштардын нааразылык акциясына 87 миңдей адам чыкты

Германияда он миңдеген адам жаштардын нааразылык акцияларына чыкты. 20-ноябрда Берлин, Кёльн, Франкфурт-на-Майне, Бремен жана Ганновер баштаган бир катар шаарларда акциялар өттү.

Эң көп адам Германиянын борбору Берлинде көчөгө чыкты. Полициянын маалыматына караганда, акцияга 4 миңдей адам катышкан. Ал эми уюштуруучулар катышуучулардын саны 15 миңге жакын болгонун билдиришти.

Gen Z regelt («Z мууну чечет») кыймылынын маалыматына ылайык, өлкө боюнча нааразылык акцияларына жалпысынан 87 миңдей адам катышкан.

Лейпциг шаарында акцияга болжол менен 2,5 миң адам кошулган. Иш-чара расмий аяктагандан кийин шаарда башаламандык чыккан.

dpa агенттигинин маалыматына караганда, демонстранттардын айрымдары шаардын түштүк бөлүгүнө барып, полиция кызматкерлерине пиротехникалык каражаттарды ыргыта баштаган. Буга жооп катары укук коргоо органдары суу аткычтарды колдонушкан.

SEREP MEDIA