Abank_nov
SerepTV Logo

GTA VI бир суткада 3,79 млрд доллар киреше таап, рекорд койду

GTA VI бир суткада 3,79 млрд доллар киреше таап, рекорд койду

GTA VI видеоюндар тарыхындагы рекордду жаңыртып, бир суткада сатуудан 3,79 миллиард доллар киреше тапты. Бул тууралуу оюндун иштеп чыгуучусу, америкалык Rockstar Games компаниясы билдирди.

Компаниянын маалыматына караганда, GTA VI расмий чыкканга чейин болжол менен 32,5 миллион алдын ала буйрутма берилген. Оюнду сатуунун биринчи суткасындагы жалпы киреше видеоюндар тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп, франшизанын мурунку бөлүгүнүн рекордунан да ашып кетти.

Жаңы релиз 2013-жылы чыккан GTA V оюнунун көрсөткүчтөрүн да жаңылады. Ал кезде оюн алгачкы үч күндө компанияга болжол менен 1 миллиард доллар киреше алып келген. Ошол учурда бул көрсөткүч да болуп көрбөгөндөй ийгилик катары бааланган.

Кийинчерээк GTA V видеоюндар тарыхындагы эң көп сатылган оюндардын бирине айланган.

SEREP MEDIA