Кечээ, 19-мартта социалдык тармактарда «Инсульт алган аялды кыйнап көнүгүү жасатып жатат» деген видео тараган. Видеодон эркек кишинин аялга корс мамиле кылып жатканын көрүүгө болот.
Кийинчерээк видео Казакстанда тартылганы, полицияга бул факты боюнча маалымат түшпөгөнү маалым болгон.
«Ошол эле учурда Ауэзов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Окуянын катышуучулары жана объективдүү жагдайлары аныкталып, Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт», — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram