Иракта катуу кум бороону болуп, көптөгөн адам жабыркады. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди.
Маалыматка караганда, 1800дөй адам дем алуусу начарлап ооруканага кайрылган. Жабыркагандардын арасында балдар да бар.
Интернетте жарыяланган видеодо асман кызылга боёлгонун көрүүгө болот. Жергиликтүү маалымат каражаттары электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, учактар убактылуу токтотулганын кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, адамдар беткап кийип башташты жана дарыгерлер жабырлануучуларга жардам көрсөтүү үчүн көчөлөрдө нөөмөттө турушту.