Азербайжанда мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынганына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат
Азербайжанда мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынганына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жаткан маалда бир катар интернет-провайдерлердин тармактарында TikTok, Instagram жана X социалдык тармактарына кирүү чектелди. Бул тууралуу NetBlocks долбоору билдирди.
Азербайжандын Ички иштер министрлиги Бакуда 37 адам кармалганын маалымдады. Ведомствонун версиясы боюнча, «бир топ адам мектеп формасына байланыштуу жаңы талаптардан улам» мектеп кызматкерлери менен чыр-чатак жараткан. Ошондой эле алар «мамлекеттик билим берүү мекемелерине зыян келтирип», коомдук тартипти бузууга, унаалардын жүрүшүнө жана билим берүү мекемелеринин ишине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Minval басылмасынын маалыматына караганда, Бакунун Гарадаг районунда мектеп директорлорунун бирине таандык унаа өрттөлгөн. Ал эми Ясамал районундагы мектептердин биринде өрт чыгарууга аракет жасалган. Эки окуяда тең эч ким жабыркаган эмес.
«Оперативдүү маалымат борбору» өз булактарына таянып, Бакунун борборундагы «28 Май» метро станциясынын жанында өтүп жаткан нааразылык акциялары учурунда 200дөн ашуун адам кармалганын билдирди.
Сентябрдын аягында Азербайжандын өкмөтү мектеп формасына байланыштуу эрежелерге өзгөртүү киргизип, анда «жалпы билим берүүнүн светтик мүнөзүнө туура келбеген элементтерди» колдонууга тыюу салган. Андан кийин Баку жана өлкөнүн башка аймактарындагы айрым тургундар жоолук салынган окуучу кыздар менен мугалимдерди сабакка киргизбей жатышканын айтып даттанышкан. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун Азербайжан кызматы жазды.