Испанияда ижара акысынын кымбаттыгына байланыштуу нааразычылык акциялары өтүп жатат
Испанияда турак жай реформасынын ишке ашпай калышынан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланды. Өлкө боюнча ижара акысынын кымбаттыгына байланыштуу нааразылык акциялары өтүүдө. Баары Мадридде 87 жаштагы жергиликтүү тургун аялды үйүнөн чыгарууга аракет кылынгандан кийин башталган.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн жарыялады. Өткөн жумада анын өкмөтү турак жай кризисине каршы багытталган чаралар боюнча добуш берүүдө жеңилип калды. Акыркы апталарда бул кризис өлкөдөгү негизги саясий темалардын бирине айланды.
Оңчул партиялар өкмөттүн кымбат турак жай маселесине каршы чараларын бөгөттөдү
2-октябрда парламентте ижарачыларды коргоого багытталган өкмөттүн эки чукул декрети добушка коюлду. Документтерде 2030-жылга чейин үйдөн чыгарууга мораторий киргизүү, ошондой эле турак жайды кыска мөөнөткө жана бөлмөлөр боюнча ижарага берүүгө чектөө коюу сунушталган.
Бул чараларга консервативдүү Элдик партия, ашкере оңчул Vox жана каталондук Junts партиясы каршы чыкты. Элдик партиянын өкүлдөрү каршы добуш бергенинин себебин турак жайдын жеткиликтүүлүгү көйгөйүн чектөөлөр аркылуу эмес, биринчи кезекте жаңы үйлөрдү куруу аркылуу чечүү керектиги менен түшүндүрүштү.
Парламенттеги добуш берүүнүн ийгиликсиз аякташына чейин 87 жаштагы Марикармен Абаскалды колдогон массалык нааразылык акциялары өткөн. Аял өзүнүн батирин болжол менен 70 жыл ижарага алып жашаган жана акыркы 20 жыл ичинде ижара акысынын көтөрүлүшүнө макул болбой, мурдагы баа менен төлөп келген. The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, ижара акысын болжол менен 230%га көтөрүү жөнүндө сөз болгон.
Абаскалды үйдөн чыгаруу аракеттеринин видеолору коомчулукта чоң резонанс жаратты. Мадридде аны колдоп өткөн нааразылык акцияларынан кийин аялга бул батирде жашоосун улантууга уруксат берилди.
Нааразылык акциялары ондогон шаарларга жайылды
Кымбат турак жайга каршы нааразылык акциялары Испаниянын ондогон шаарларын камтып, акыркы жылдардагы эң ири акцияларга айланды. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, 3-октябрда акциялар болжол менен 50 шаарда өтүп, аларга 500 миңдей адам катышкан. Мадриддин өзүндө көчөгө 70 миң адам чыккан.
Акциянын катышуучулары ачкычтардын боолорун шыңгыратышты. Ал эми Мадридде ишемби күнкү жүрүштөн кийин нааразылыкка чыккандардын айрымдары Пуэрта-дель-Соль аянтына чатыр тигип, лагер түзүштү.
Нааразылыкка чыккандар ижарачыларды коргоону күчөтүүнү жана аларды жалгыз жашаган турак жайынан чыгарууга тыюу салууну талап кылышты.
Саясат таануучу Эстефания Молина акыркы жолу бул аянтта мындай лагерь 2011-жылы пайда болгонун эске салды. Ал кезде «адамдар батир сатып ала албаганы үчүн нааразылык билдиришкен». «Бүгүн болсо маселе башка адамдын үйүнөн бир бөлмө ижарага алуу да мүмкүн болбой калганында», — деп белгилейт ал.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 29-ноябрда өтөт
Парламенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2026-жылдын 29-ноябрында өтөт. Кезектеги шайлоо 2027-жылы гана өтүшү керек болчу, ал эми премьер-министрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү июль айында аяктамак.
Санчес 2018-жылдан бери Испаниянын премьер-министри болуп келет. Ал Европада азыркы учурда кызматта турган өкмөт башчыларынын көбүнө караганда бул кызматта узагыраак иштеп жатат.
Премьер-министр шайлоочулар анын өкмөтү менен, анын пикиринде, эркиндиктерди чектей турган оңчул күчтөрдүн ортосунда тандоо жасай турганын билдирди.
Reuters агенттигинин жазышынча, шайлоонун жыйынтыгында Франсиско Франконун доорунан бери биринчи жолу ашкере оңчул партия өкмөттүн курамына кириши мүмкүн.
Санчес жетектеген Социалисттик партия дээрлик бардык сурамжылоолордо артта калууда. Ал эми премьер-министрдин өзү жана анын жакын чөйрөсү акыркы эки жылда коррупциялык жаңжалдын чордонунда калышты.
Санчестин бир тууган агасына жумушка орношуудагы мыйзам бузуулардан улам мамлекеттик кызматта иштөөгө тогуз жылга тыюу салынган. Ал эми премьер-министрдин жубайы мамлекеттик каражаттарды ысырап кылуу жана кызмат абалынан таасирин кыянаттык менен пайдалануу боюнча иш боюнча сот алдында жооп бериши керек.
Эми, байкоочулардын пикиринде, Санчес шайлоону турак жайдын жеткиликтүүлүгү боюнча талкууга айлантып, шайлоочуларды өз тарабына мобилизациялоого үмүттөнүп жатат.