Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүү Бангкок, Бангладеш, Индия, Таиланд, Лаос жана Кытайда да сезилген.
CNN сайтынын маалыматына караганда, биринчи жер титирөөдөн болжол менен 12 мүнөт өткөндөн кийин аймакта күчү 6,4 баллга жеткен дагы бир силкинүү болгон.
«Биз жер титирөөнү бир мүнөттөй сезип турдук. Анан имараттан чуркап чыктык. Башка адамдар да имараттардан чуркап чыкканын көрдүк. Бул күтүүсүз жана абдан күчтүү болду», — деди Мьянманын атын атагысы келбеген тургуну.
Sky News ошондой эле Таиланддын баш калаасында жер титирөөдөн кийин жүздөгөн адамдар имараттарды таштап чыкканын жазды. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.