Мьянманын экинчи чоң шаары болгон Мандалайда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20га жетип, 300 адам жаракат алды. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.
Ал эми коңшу Таиланддын борбору Бангкокто 3 киши каза болгонун губернатор билдирди. Өлкөнүн коргоо министри 90 адам дайынсыз болуп жатканын билдирди.
Мандалайдагы ооруканага жабыркагандар түшүп жатат. Ооруканада дарыгерлер менен медайымдардын жетишсиздиги айтылып жатат.
28-мартта Таиланд менен Мьянмада жер титирөө болгон. Магнитудасы 7,7 болгон биринчи силкинүү Мьянманын Сикайн шаарынан 16 чакырым алыстыкта, 10 чакырым тереңдикте болгон. Бир нече мүнөттөн кийин күчү 6,9 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган.