Казакстандагы Түркстан облусунун тоолорунда чет элдик альпинист куткарылды. Анын шериги каза болду. Бул тууралуу Tengri Travel жазды.
Маалыматка караганда, куткаруу операциясынын жүрүшүндө 28 жаштагы орусиялык турист Андрей Орлов куткарылды. Куткаруучулар жеткенге чейин жигит үч күн бою аскада тамак-ашсыз, суусуз калган. Анын досу 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Акмал Махкамов каза болгон.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эки альпинисттин жоголгондугу тууралуу сигнал 1-сентябрда түшкөн. Туугандары 1996-жылы жана 1997-жылы туулган жигиттер 31-августта Шымкенттен тоого чыгып, өз убагында кайтып келишпегенин билдиришкен. Издөө иштери Каскасу айылынан болжол менен сегиз чакырым алыстыкта жайгашкан Сайрам-Угам улуттук жаратылыш паркында 2200 метр бийиктиктеги Сайрамсу чокусунун аймагында жүргүзүлгөн.
«Өзбекстандын 1996-жылы туулган жараны капчыгайга кулап, денесинен оор жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.












