Алматыда өткөн жарым марафондо 84 жаштагы Аккоян Рсалиев менен 21 жаштагы Нурбол Ахмади каза болду. Экөө тең жарым марафонду (21,1 чакырымга) чуркап, Алматыдагы жарыштын үзгүлтүксүз катышуучулары болгон.
Марафондун уюштуруучуларынын айтымында, медициналык кызматтар, өзгөчө кырдаалдар кызматы жана милиция кызматкерлери ыкчам жана өз убагында чара көрүшкөн. Көрүлгөн чараларга карабастан, катышуучулардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Аккоян Рсалиев 2021-жылдан бери жарыштарга үзгүлтүксүз катышып келген. Буга чейин ал Алматы жарым марафонунда 21,1 жана 10 чакырым аралыктарды ийгиликтүү басып өткөн.
Экинчи каза болгон Нурбол Ахмади буга чейин «Кышкы чуркоо-2025» жарышына 10 чакырым аралыкка катышып, Астана менен Алматыдагы жарым марафонго, ошондой эле Алматыдагы марафонго катталган. Алматыдагы жарым марафондо 16 чакырым чуркаган соң эсин жоготкон. Окуя болгон жердеги дарыгерлер жандандыруу чараларын көрүшкөн. Бирок майнап чыккан эмес.