Казакстанда белгилүү актёр Шарип Сериктин айланасындагы окуялар тууралуу «Тенгри» жазды.
Казакстандык ырчы Алия Бутеева Шарип Серик жылаңаяк артынан чуркап чыгып, колунан кармап, лифттен сүйрөп чыккан сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялады. Сүрөттөрдөн кыздын бетинин кызарып калганын да көрүүгө болот.
Кыз өз постунда болгон окуяны жазып, унчукпай коюуну каалабаганын билдирген. «Мен «жакшы көргөн адамым кол көтөрдү» деп айтып калам деген түшүмө да кирген эмес. Бирок бул болду. Чектен ашкан болбойт, ар бир нерсенин чеги бар», — деп жазды ал.
«Бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Жагдайлар аныкталып, Казакстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт», — деп билдирди Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы.
Буга чейин актёрго турмушка чыккан казакстандык рэп аткаруучу Say Mo маегинде мурдагы мамилеси тууралуу айтып берген. Ал ысымдарын атаган эмес, бирок абьюзер болгонун айтып, араң калыбына келип жатканын айткан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram