Кытайдын шаарларынын биринде жолдун так ортосунда эки суур мушташып кеткен. Социалдык тармактарда окуянын видеосу пайда болду.
Жаныбарларды видеого тартып жаткандардын артында унаалар тизилип турган, бирок эч кимиси жаныбарлардын «пикир келишпестигине» кийлигишкен эмес. Айдоочулар жаныбарлардын кетишин күткөн.