Кытайда жарым марафон өтүп, ага 20 робот катышты. Маалыматтарга караганда, алардын бири финишке жетпей бузулуп калган. Калганы 21 чакырымга бир нече жолу аккумулятор алмаштырып жатып чуркаган.
Роботтордун арасындагы эң жакшы көрсөткүч 2 саат 40 мүнөт болду. Ал эми адамдар аралыкты тезирээк басып өтүштү. Эркектер үчүн эң жакшы натыйжа 1 саат 2 мүнөт, аялдар үчүн 1 саат 11 мүнөт болду.











