Түштүк Корея өлкөнүн түштүк аймактарындагы токойлордогу өрткө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаганын Bloomberg билдирди.
Өрт 21-мартта Санчхон округунда башталган. Түштүк Кореянын токой кызматынын маалыматына караганда, Санчхондо төрт адам каза болуп, алтоо жаракат алган. 23-март күнү кечинде өрт 25 пайызга чектөөгө алынган.
Өрттү өчүрүүгө бийлик атайын техника жана жүздөгөн кызматкерлерди жиберди.