Түштүк Кореялык Ча Са-Сун өжөрлүгү менен бүткүл дүйнөгө таанылып жатат. Аял бир нече жыл бою дээрлик күн сайын теориялык айдоо сынагынан өтүүгө аракет кылып, 960-аракети гана ийгиликтүү болгон.
Ийгиликсиз учурлар, чарчоого жана башкалардын шылдыңына карабай, ал багынган эмес. Кайра-кайра автомектепке барып, сынактардан өтүп, бир күнү максатына жетем деп ишенген. Ал эми алгач теорияны тапшырып, андан кийин экзамендин практикалык бөлүгүнөн өткөн.
Бүгүнкү күндө Ча Са-Сун айдоочунун күбөлүгүнө жана кайра тапшыруулардын саны боюнча расмий эмес дүйнөлүк рекордго ээ. Бирок эң негизгиси, ал туруктуулуктун символу болуп калды жана эгер максат чындап маанилүү болсо, эч нерсе аны токтото албасын далилдеди.