Шейшемби, 21.05.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 08.08.2023

«Мотордон башкасынын баарын жасайт» | Ошто машина оңдогон балакай

«Мотордон башкасынын баарын жасайт» | Ошто машина оңдогон балакай

"Тузу оор кесиптер" долбоорубуздун бул жолку каарманы Ош шаарында машина оңдогон балакай болду. Бир жылдан бери устаканада үйрөнчүк болуп жүргөн каарманыбыз мотордон башкасынын баарын оңдойт. Толугу менен видеодо.

9-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 9-августта өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолу жерлнринде жана тоо этектеринде өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлүүдө. ...

Сот Канышай Мамыркуловага каршы апелляциялык арызды четке какты

Сот Канышай Мамыркуловага каршы апелляциялык арызды четке какты

Журналист Канышай Мамыркулова Жолдошбек Сыргаковдун Фейсбук социалдык тармагында тараткан видео тасмасы кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, сотко кайрылган. Аламүдүн райондук соту журналисттин арызын карап, Сыргаковду 5500 сомдук айып төлөөгө милдеттендирген. Бирок ...

Өзгөчө кырдаалдар министри Түптөгү сел жүргөн айылдарга барды (сүрөт)

Өзгөчө кырдаалдар министри Түптөгү сел жүргөн айылдарга барды (сүрөт)

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында табигый кырсыкка дуушар болгон айылдардын жашоочуларынан кабар алып, элдин абалын жеринде көрүп, элеттиктердин көйгөйлөрүн угуп, сел жүргөн аймактардагы иштин ...

«Кеңеш» тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова оор сыноолору, кайгысы, кубанычы тууралуу

«Кеңеш» тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова оор сыноолору, кайгысы, кубанычы тууралуу

"Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова акыркы жылдары жашоосундагы болгон чоң сыноолору тууралуу кеп курду. Каржылык жактан катуу кризиске учурап, 10 миллион сомдой карыз болгону, "Дордой" базарында калың журттун алдында аферист ...

Коляскадагы аялга орой мамиле кылган троллейбус айдоочусуна кандай жаза берилди? Мэриянын жообу

Коляскадагы аялга орой мамиле кылган троллейбус айдоочусуна кандай жаза берилди? Мэриянын жообу

Бишкекте троллейбустун айдоочусу коляскадагы жүргүнчүгө орой мамиле жасаган. Аялдын айтымында, кирерде ал пандусту түшүрүүдөн баш тарткан.  Бишкек шаардык мэриясы окуя боюнча үн катып, айдоочу каттамдан алынып, анын аракетин талдоо үчүн комиссияга ...

«Мушташ болгон эмес». Бостеринин тургундары 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кайрылуу жасашты

«Мушташ болгон эмес». Бостеринин тургундары 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кайрылуу жасашты

Бостеринин тургундары 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча кайрылуу жасашты. Алардын айтымында, ал түнү эч кандай мушташ болгон эмес. "Биз Бостеринин тургундары жана "Алтын Кум" эс алуу жайынын кызматкерлерибиз. 6-августка караган ...

Бишкекте белгисиз жарандар жол белгилерин бузуп кетишти

Бишкекте белгисиз жарандар жол белгилерин бузуп кетишти

Бишкекте белгисиз адамдар жол белгилерин сүзүп, стикер чаптап, кыйшайтып кетишкен. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасына шаар тургуну ага түшүнүксүз белги тууралуу кайрылып, сүрөттөрүн жана жайгашкан жерин ...

Жалал-Абадда 3 шектүүдөн 633 миллиондон ашык сомго бааланган «гашиш» табылды

Жалал-Абадда 3 шектүүдөн 633 миллиондон ашык сомго бааланган «гашиш» табылды

Жалал-Абад облусунда 633 миллион сомдон ашык суммага бааланган “гашиш" баңги заты аныкталып, алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. 23-июль күнү ...

«Элден айланса болот». Токтогулда сел агызып кеткен балыктарды сатып алышууда

«Элден айланса болот». Токтогулда сел агызып кеткен балыктарды сатып алышууда

Токтогул районундагы Торкент айылында сел жүрүп, балык чарбаны бузуп кеткен. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Баяна Кулова жазды. "Кечээ катуу сел менин айылымдагы балык чарбаны бузуп, агызып кетиптир. Элден айланса болот, ...

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал ...

Камчы Көлбаевди абактагылар өзгөчө куттуктаган сүрөт жарыяланды

Камчы Көлбаевди абактагылар өзгөчө куттуктаган сүрөт жарыяланды

Новопокровкада жайгашкан №3 абактагы соттолгондор кримтөбөл Камчы Асанбекти (Көлбаев) туулган күнү менен куттукташты. Маалыматты Kaktus.media жазды. Маалыматка караганда, Көлбаевдин туулган күнү 3-августта болгон. Новопокровка айылында жайгашкан №3 колониядагы абактагылар кримтөбөлдүн сүрөтү ...

Бишкекте аялды сабап жаткан эркек кишинин видеосу тарады

Бишкекте аялды сабап жаткан эркек кишинин видеосу тарады

Социалдык тармактарда Бишкекте аялды сабап жаткан эркек кишинин видеосу тарады. Видеонун авторунун айтымында, окуя Абдрахманов көчөсүндө болгон. Качан тартылганы белгисиз. https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/08/img_9178.mov

Ошто жол кырсыкты болтурбоо үчүн жарык берип турган макеттер орнотулууда (видео)

Ошто жол кырсыкты болтурбоо үчүн жарык берип турган макеттер орнотулууда (видео)

Ош облусунда түнкүсүн жарык берип турган макеттер орнотулууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Жол кырсыктарын болтурбоо жана азайтуу максатында, ошондой эле катуу ылдамдыкта айдаган айдоочуларга профилактика иретинде, ...

Ошто 10 жаштагы баланын өпкөсүнө канцелярдык мык сайылып калган

Ошто 10 жаштагы баланын өпкөсүнө канцелярдык мык сайылып калган

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы 10 жаштагы баланы аман алып калышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.  "Ооруканага учтуу зат жутуп алган 10 жашар бала жеткирилген. Бала оң өпкөсүнөн жабыркап, ...

Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 22ге жетти

Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 22ге жетти

10-сентябрда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкер Аднаева Нургул Мажитовнадан арыз түшкѳн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. №26 Ленин бир ...

Жети-Өгүздө унаасы менен көл жээгине чейин кирген айдоочу табылды

Жети-Өгүздө унаасы менен көл жээгине чейин кирген айдоочу табылды

Социалдык тармактарда Жети-Өгүздөгү көлдүн жээгинде унаа менен жүргөн видео тараган. 8-августта милиция тарабынан Тойота-Лэндкрузер унаасынын айдоочусу аныкталган. Ал 37 жаштагы Каракол шаарынын тургуну болуп чыкты. "Материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү ...

Таластагы “Беш-Таш” жаратылыш паркын суу каптады

Таластагы “Беш-Таш” жаратылыш паркын суу каптады

Кечээ, 7-августта саат 16:15 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулар Талас облусундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркынын 3 жеринен жана Кара-Суу айылынын батыш тарабында Талас-Тараз унаа жолун ...

Бишкекте оодарылып калган инкассатор унаасынын үстүндө автоматчан отурган күзөтчүнүн видеосу тарады

Бишкекте оодарылып калган инкассатор унаасынын үстүндө автоматчан отурган күзөтчүнүн видеосу тарады

Бишкектин айланма жолунда инкассатор унаасы оодарылып калган видео тарады. Видеодон унаанын үстүндө автоматчан күзөтчүнүн турганын көрүүгө болот. "Күзөтчү акчаны кайтарып отурат", - деп жазышууда. https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/08/nnnnn-1.mp4

Токмоктогу психоневрологиялык стационардын бейтаптары аң казып жаткан видео тарады

Токмоктогу психоневрологиялык стационардын бейтаптары аң казып жаткан видео тарады

Токмоктогу психоневрологиялык стационардын бейтаптары аң казып жаткан видео тарап, көпчүлүктүн жанын кейитти. Видеодогу адамдар - Токмок шаарындагы психоневрологиялык №1 стационардын мүмкүнчүлүгү чектелген бейтаптары. Видеонун автору алардын оор жумушка тартылганын айтып, ...

«Үйдө отурбайсыңбы?!». Бишкекте троллейбус айдоочу майып арабадагы аялга орой мамиле жасаганы айтылды

«Үйдө отурбайсыңбы?!». Бишкекте троллейбус айдоочу майып арабадагы аялга орой мамиле жасаганы айтылды

Бишкекте троллейбустун айдоочусу коляскадагы жүргүнчүгө орой мамиле жасады. Бул тууралуу ошол мамилеге туш болгон жаран Фейсбук баракчасына жазды.  Анын айтымында, кирерде ал пандусту түшүрүүдөн баш тарткан. "Түшүрүп жатып, пандусту ачып, ...

Өзгөндө 18 жаштагы кыз 22-июлдан бери дайынсыз болуп жатат

Өзгөндө 18 жаштагы кыз 22-июлдан бери дайынсыз болуп жатат

2-август күнү милицияга Өзгөн шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 22-июлда 2005-жылы туулган кызы Муслимахон Хакимжанова үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Кийген кийимдери: кызыл түстөгү жоолук, ак-кара түстөгү ...

Алматыда өрт учурунда 6-кабаттан балдарын ыргыткан эне жоопко тартылабы?

Алматыда өрт учурунда 6-кабаттан балдарын ыргыткан эне жоопко тартылабы?

Алматыдагы 16 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыгып, 6-кабаттын жашоочулары терезесинен балдарды жердеги килемчелерге ыргытып жаткан учур видеого түшүп калган. Видеодон эненин балдарын терезеден ыргытып, андан кийин өзү секирип жатканын көрүүгө ...

Бишкектеги саламаттыкты сактоо мекемелери оңдолууда

Бишкектеги саламаттыкты сактоо мекемелери оңдолууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык объектилерди оңдоону улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 13 саламаттыкты сактоо объектисин оңдоо пландалган. Бүгүнкү күндө №1 шаардык клиникалык ...

УКМК ишмердүүлүгүн токтоткон Оштогу мечиттердин, диний билим берүүчү жайлардын абалы (видео)

УКМК ишмердүүлүгүн токтоткон Оштогу мечиттердин, диний билим берүүчү жайлардын абалы (видео)

Мекемелер аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 20-июлдан тартып УКМК, Ички иштер министрлигинин, Муфтият, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, президенттин Ош ...

35 жашта болсоңуз, анда сиз жашсыз. Жаштар жөнүндө мыйзамга кол коюлду

35 жашта болсоңуз, анда сиз жашсыз. Жаштар жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 21-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жаштар жөнүндө мыйзамга кол койгон. Жаңы мыйзамга ылайык, жаштарга 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар кирет. Буга чейин жаштардын курагы 14 ...

«Эсибизге келели!». Муфтий ТикТокто аялдын ич кийимин кийген эркектерди сындады

«Эсибизге келели!». Муфтий ТикТокто аялдын ич кийимин кийген эркектерди сындады

"Интернетте сакал коюп алган эркектер аялдын ич кийимин кийип, ал үчүн акча бар дешет. Кудайдан корколу" деди муфтий Замир Ракиев.  "Бир эркек атайын аялга же аял эркекке окшошкусу келсе, Алланын ...

Ала-Букада жүргөн сел 7 үйдүн короосун каптап, унааны агызып кетти

Ала-Букада жүргөн сел 7 үйдүн короосун каптап, унааны агызып кетти

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чоң-Сай айылынын тургуну кайрылып, кечээ, 7-августта сел жүргөнүн билдирген. Маалыматты ӨКМден тастыкташты. "Ала-Бука районунда кечээ, 7-август күнү саат 15:30 ...

Милиция «Ысык-Көлдөгү 23 жаштагы жигиттин өлүмүн жаап-жашырууга аракет кылып жатат» дегендерге жооп берди

Милиция «Ысык-Көлдөгү 23 жаштагы жигиттин өлүмүн жаап-жашырууга аракет кылып жатат» дегендерге жооп берди

Ысык-Көл ОИИБ 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча соцтармактарга тараган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. "Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары соттук-медициналык экспертизанын жүрүшү боюнча эч кандай түшүнүгү жок эле, эксперттер жана милиция бул окуяны ...

«Элдик кабарчы»: «Ала-Буканын Чоң-Сай айылында сел жүрдү» дейт тургун

«Элдик кабарчы»: «Ала-Буканын Чоң-Сай айылында сел жүрдү» дейт тургун

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чоң-Сай айылынын тургуну кайрылып, кечээ, 7-августта сел жүргөнүн билдирди. "Сел 3 үйдү жараксыз кылды", - деген тургун видеолор менен ...

Страница 1 of 2 1 2

АРХИВ

Август 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.