Испаниянын Кабесон-де-ла-Саль шаарынын мэриясы туристтерге жергиликтүү токойдо бак-дарактарды кучактоого тыюу салды. Бул көп жылдык өсүмдүктөрдү сактоо үчүн кабыл алынган.
Маалыматка караганда, дарактарды кучактоого барган туристтер алардын кабыгына зыян келтирип, тамырын тебелеп кетишет. Көйгөйдү чечүү үчүн шаар бийлиги план түзүшкөн. Биринчи этап ишке ашырылып жатат. Экинчи учурда токойдо туристтерди бак-дарактарга жакындатууга жол бербеген жаңы жолдор түзүлөт.
Кабесон-де-ла Салга жыл сайын 200 миңдей турист келет. Ал жерде жайгашкан токой — жаратылыш эстелиги. Ал 1940-жылдары жасалма жол менен түзүлгөн.