Көпүлүккө белгилүү «Город 312» тобунун солисти Ая Светлана Назаренко инсульт алгандан кийин алгачкы ирет сахнага чыкты.
Ал «Золотой граммофон» музыкалык сыйлыгынын юбилейлик концертинде топтун белгилүү болгон «Останусь» ырын аткарган. Бул окуя топтун күйөрмандары жана мүчөлөрү үчүн жакшы саамалык болду.
Ырчы инсульт алып кайрадан бутуна туруп, дарыланып жатканына дээрлик 3 жыл убакыт өткөн. Маалыматтарга ылайык, топтун мүчөлөрү Аяга каржылык жана моралдык колдоону үзбөй көрсөтүп келишет.











