«Чоочун киши» сериалында роль ойногон актриса Назбийке Айдарова көз жарды. Бул тууралуу анын жолдошу соцтармактагы баракчасына сүйүнчүлөдү.
«Сүйүнчү, биз уулдуу болдук. Уулум Алан инилүү болду. 2-октябрда төрөткө катыштым, бул мен үчүн тасмадай эле болду. Ымыркай менен кошо ыйлап алдым», — деп жазды ал.