Бишкекте жеке ишкер «Манас» эпосунун күнүнө карата 8 манасчыга батир белек кылды. Андан сырткары төрт манасчыга 5 миллион сом сыйлык берген.
Ад кыргызстандык манасчылар Замир Баялиев, Самат Көчөрбаев, Талантаалы Бакчиев, Улан Исмаилов, Асанали Калил уулу, Нурбек Талантбеков, Үмөт Болот уулу (кичинекей Үмөт) жана казакстандык манасчы Баянгалы Алимжановдорго ак өргөө тапшырды.
Мындан тышкары, улуттук филармонияда өткөн сынактын жыйынтыгы менен манасчылар Рысбай Исаков, Замир Баялиев, Кулмат Сыдыков жана Асанали Калил уулуна жалпы 5 миллион сом сыйлык берилген.










tg64pn