Актёр Нуржаасын Жумагулов эки бөйрөгү жабыркап, бир бөйрөгүнө операция жасоого элден жардам сурап, 26-27-июнь күндөрү Улуттук филармонияда кайрымдуулук концерти да уюштурулган. Анын атынан социалдык тармактарга баракча ачып, акча чогулткан шылуундар пайда болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нуржаасын Жумагулов билдирди.
«Менин атымды пайдаланып, социалдык тармактардан баракча ачып, менин реквизиттериме окшотуп, бир гана номерин өзгөртүп элден жардам сурагандар болуп жатат. Алар көрсөткөн номерге чалсак, такыр албай жатышат. Мобилдик операторлор катталган номерлерди тастыкташты. Бирок бирөөнүн жеке маалыматтарын бере албасын айтышты. Укук коргоо органдарында иштеген тааныштарымдан сураштырсам, азыр мобилдик операторлор абоненттери тууралуу маалыматты милиция аркылуу кайрылсаң да бербейт дешти. Айлабыз кетип отурабыз. Элимден шылуундарга алданып калбагыла демекмин», — дейт актёр.
Нуржаасын Жумагулов Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын актёру, Маданияттын мыкты кызматкери, «Мегатой», «Жетикс» тасмаларында роль жараткан.












