Бүгүн, 9-июль күнү “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист Геннадий БазаровСадыровичтин эстелиги ачылды.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, Базаровдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын жана улуу иштерин даңазалап, баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгилеп өттү. Ошондой эле, Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Таалай Кулмендеев, Роза Айтматова, эл артисттери Манас Мусаев жана Назира Мамбетова, туугандарынын атынан жубайы Райва Тойгонбаева сөз сүйлөп, эстеликти орнотуу үчүн салым кошкон ар бир атуулга, эстеликтин скульптору Тамила Маматовага, долбоордун автору Эмиль Тилековго ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын аягында катышуучулар эстеликке гүл коюп, куран окулду.
Маалымат үчүн: Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы районунда төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктаган. 1965-жылы ВГИКтин режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн. Базаровдун ысымы кыргызстандыктарга гана белгилүү эмес – улуттук кинонун чебери тарткан тасмалар көптөгөн өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Ал автордук кыргыз киносун түптөөчүлөрдүн бири. 2022-жылы II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган. Анын «Саманчынын жолу», «Буктурма» жана башка тасмалары өлкөнүн кино хроникасына түбөлүккө жазылган.
Геннадий Базаров былтыр, 2023-жылдын 6-февралында көз жумган, маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.
21-октябрда ырчы Аида Багышбекова «Косылайык» берүүсүндө таанышкан Нурдөөлөт Төлөпбергенге турмушка чыкты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Аида Багышбекова турмушка чыкканын айтып, «20-октябрда туулган күндө кечирим сурап келген. Сүйлөшпөйбүз деп...
Төкмө акын Нурсултан Малдыбаев атасына унаа белек кылды. Ал кубанычтуу кабарын соцтармакта жарыялады. "Куттуктап койсоңуздар болот. Көптөн күткөн кыялдарымдын бири...
Кечээ, 21-октябрда ырчы Аида Багышбекова «Косылайык» берүүсүндө таанышкан Нурдөөлөт Төлөпбергенге турмушка чыкты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Аида Багышбекова турмушка чыкканын айтып, «Кечээ, 20-октябрда туулган...
Ырчы Аида Багышбекова «Косылайык» берүүсүндө таанышкан Нурдөөлөт Төлөпбергенге турмушка чыкты. Ал социалдык тармактагы баракчасында видео жарыялады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине...
"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү, модель, актриса Оруна Шабралиева турмушка чыкканын, жакында үлпөт той өтөрүн айтты. "Жолдошум Алтын Дастанов. Жеке ишкер. 40 жашта....