10-февралда Германиянын Берлин шаарында кыргыз диаспорасы Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен куудулдар Мыктыбек Мукаев, Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков жана Бактияр Тынаевдин катышуусунда «Kyrgyz Stand Up» концертин уюштурду. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев иш-чараны ачып жатып, Кыргызстандан келген өнөрпоздорго, ошондой эле Берлин шаарындагы кыргыз диаспорасына иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи мындай иш-чаралар жаштар арасында кыргыз тилине болгон кызыгууну арттырарын баса белгиледи. Бул демилгелер эне тилге болгон сый-урматты чыңдоого, ошондой эле анын заманбап дүйнөдө сакталып, өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Аталган иш-чара Германияда жашаган мекендештер арасында кыргыз тилин жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Кечээ, 25-июлда ырчы жана актриса Асема Токтобекова 38 жашка толду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы айым менен байланышканыбызда, туулган күнүн бул...
30-июлда Каракалпакстандын Нукус шаарында эл аралык "Достук-2024" фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган фестивалдын соцтармактагы баракчасында жарыяланды. Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргызстандын...
Кечээ, 19-июлда Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында «Голубые купола» сейил багында эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык...
Төкмө акын, дастанчыларга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти. Кыргыз улуттук «Манас» театры төкмө акындары...
Бүгүн, 9-июль күнү “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист...