Ырчы, дастанчы Азиз Батыров социалдык тармактагы баракчасына жубайы экөө үчүнчү наристесин күтүп жатышканын жазып, «гендер пати» өткөргөн видеосу менен бөлүштү.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги куттуктап байланышканыбызда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин «көп балалуу болгула» деп айтканын аткарып жатканын айтып тамашалады.
«Биринчи балабызда карантин болуп калып, «гендер пати» кыла алган эмеспиз. Кийинки кызым менен күтүп жаткан уулубузга уюштурдук. Муну досторубуз уюштуруп беришти. Аталык сезимим уул болот деп сезип жаткан. Көп уулдуу болгум келет. Негизи эле мен кыздардын арасында чоңойгондуктан эркек бир туугандуу болууну каалачумун. Кыз болсо да, Кудайга шүгүр кылып жашайм. Келинчегим экөөбүз үйлөнө электе эле көп балалуу болсок дечүбүз. Кеминде 7 балалуу болгум келет. Камчыбек Кыдыршаевич айтты го көп балалуу богула деп. Ташиев айткан бардык белектерин алууга аракет кылып жатабыз»,— деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram